• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте №9 троллейбус каттамы эки айга токтойт

6 Үчтүн айы 2023 17:17 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 7- троллейбустун каттамы өзгөрүп, 9- троллейбустун маршруттук каттамы убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо» II фаза долбоорунун алкагында, Асаналиев көчөсү боюнча, Красный көчөсүнөн баштап Лев Толстой көчөсүнө чейинки аралыкта Д-1000 мм канализациялык коллекторунун курулуш-монтаждоо иштерин баштоо пландалууда.

«6-январдан тарта №7 троллейбустун маршруттук каттамы Лев Толстой көчөсү менен каттайт. Ал эми №9 маршруттук каттамы убактылуу жабылат, оңдоо иштери болжол менен 2 айга уланат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 418