Бүгүн, 25-ноябрда маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарымдуу Элчиси Кайрат Нурпеисовду кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий кызматташуунун келечеги тууралуу баарлашты. Өз кезегинде Элчи Кайрат Нурпеисов жакынкы аралыкта Кыргызстанда казак элинин көрүнүктүү акыны жана философу Абай Кунанбаев атындагы кыргыз-казак маданий борбору ачыла тургандыгын маалымдап, аны ачылыш аземин биргеликте уюштурууну сунуштады.
Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар бул багытта эки тараптуу кызматташууну макулдашты.