• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Бишкекте айдоочу 2 жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти

30 Үчтүн айы 202015:02 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Honda үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 2 жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Бул тууралуу Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык кечээ саат 19.20да катталган.

«20 жаштагы айдоочу Жибек Жол проспектиси менен бара жатып, 2 жөө жүргүнчүнү койдуруп кеткен. 25 жаштагы Ш.К. жана 85 жаштагы Д.Д. Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жаткырылды. Улгайган жабырлануучу төш клеткасынан, ал эми экинчиси башынан жаракат алган», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 138