• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Бишкекте аткезчилик жол менен жасалган алкоголдук продукциялар аныкталды

10 Чын куран 2023 9:27 Бишкек Govori.TV

Бишкекте аткезчилик жол менен жасалган алкоголдук продукциялар жана жасалма акциздик маркалар аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери аткезчилик менен жасалган алкаголдук продукцияларды таратуу жана колдонуучулардын укуктарын бузуу фактыларын аныктоого багытталган иштердин алкагында Мамлекеттик салык кызматы жана «Кыргызалко» мамлекеттик ачык акционердик коому менен биргеликте кампаларды жана башка обьекттерге текшерүү жүргүзгөн.

Мындай ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүргүзүлүшү аткезчилик жол менен жасалган продукциялар менен күмөндүү акциздик маркалар боюнча маалыматтар чыгып, кеңири жайылып кеткендигине байланыштуу болгон.

Спирт жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү фактысы боюнча ушул жылдын март айында КР Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренеси («Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү») менен козголгон кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз өндүрүлгөн спирт кошулган ичимдиктерди өндүрүү жана сактоо мүмкүн делген бир катар даректер аныкталган.

Кийинки ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1971-жылы туулган О.Н. Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушундагы үйүндө спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү менен алектенип, анын ичинен спирттей кескин жыты бар белгисиз суюктук куюлган 25 канистр, ар кандай маркадагы бөтөлкөлөрдүн алдыңкы бетине колдонула турган чаптамалар бар 12 куту, капкактар салынган кутулар, кескин жыты бар белгисиз суюктук куюлган канистрлер жана башкалар табылган. Жогоруда көрсөтүлгөн жаран «Берекет Универсал» соода борборундагы ири соода түйүндөрүнүн биринин ээси болуп, аны тинтүү учурунда күмөндүү акциздик маркасы бар жана акциздик маркасы жок 11 кутудан спирт жана спирт кошулган ичимдиктер алынган.

Соттун чечими менен ага карата 1 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.

Мындан тышкары, кылмыш ишине тиешеси болушу мүмкүн болгон буюмдарды жана документтерди табуу жана алуу максатында дагы бир нече даректерде, анын ичинде жеке менчик үйлөрдө, дүкөндөрдө, кампаларда тергөө амалдары жүргүзүлдү.

Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында тинтүү учурунда спирт кошулган ичимдиктер куюлган 17 550 бөтөлкө, 1086 литр спирт, 3500 акциздик маркалар, көптөгөн бөтөлкө капкактары салынган куту жана башка буюмдар табылып алынган.

Учурда ИИМдин Тергөө кызматы кылмыш ишин иликтөөнү улантууда.

Количество просмотров: 161