• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте аялды барымтага алып, бычак сайган киши 2 айга камалды

22 Кулжа 2020 9:40 Бишкек Govori.TV


Бишкекте аялды барымтага алып, бычак сайган киши СИЗО-1 мекемесине камакка алынды. Бул тууралуу Govori.TVга ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Биринчи май райондук соту тарабынан 19-июнда кабыл алынган. Соттук териштирүүнүн алкагында ал эки ай тергөө абагында болот.

Эске салсак, кечээ, 17-июнда кечки саат 20.00гө жакын милицияга билдирүү түшүп, белгисиз бирөө аялды барымтага алганы айтылган. Жерине барган милиция кызматкерлери мас абалдагы жаран аялга бычак такап коркутуп, эч кимди жакын жолотпой турганын көрүшкөн. Окуя болгон жерге Кайгуул милициянын кызматкерлери, ыкчам-тергөө тобу менен шаардык №5 милиция бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын подполковниги Эркин Жаанбаев барган.

Ал бычагы бар эркек киши менен сүйлөшүү жүргүзүүгө аракет кылган. Бирок майнап чыкпагандыктан күч колдонуп бычакты алып, аялды бошотушкан. Аялды дароо Тез жардам кызматы Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирип, медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бирок аял каза болуп калган.

Аталган факты Биринчи май райондук ИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кармалган жаран Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Анын аты жөнү такталып, 1984-жылы туулган С. К., аттуу жаран экени белгилүү болду. Тийиштүү экспертиза дайындалып, тергөө иши жүрүүдө.

Количество просмотров: 103