• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте бир нече тойкана айыпка жыгылды

27 Аяк оона 2020 9:32 Бишкек Govori.TV

Бишкекте санитардык эрежени бузган бир нече кафе, ресторан жана эс алуучу жайларга айып пул салынып, протокол түзүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардык мэрия Санитардык-эпидемиологиялык борбордун жана инспекциянын адистеринин, райондук администрациянын мобилдик топторунун жана милиция кызматкерлеринин коштоосунда рейд кылган.

Анда «Санжыра» ресторанынын администрациясы эрежелерди бузууга «кылдат» мамиле жасаганы айтылат. Үй-бүлөлүк майрам жабык эшик артында өтүп, терезелерин кара чүпүрөк менен караңгылатып алышкан. Тойду токтотууга укук коргоо органдары келишкен. Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тойкананын ээсине кылмыш иши козголгон.

Анын алкагында «Вавилон» ресторанында санитардык нормаларды сактабай үйлөнүү той өткөрүп жатканын көрүшкөн. Той токтотулуп, Эреже бузуулар кодексинин 293-беренеси боюнча протокол түзүлгөн.

Мэрия шаар тургундарын мааракелерге, куран окутууга, той жана башка үй-бүлөлүк салтанаттарга барбай турууга чакырат.

Количество просмотров: 211