• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Бишкекте эркек киши 3-кабаттан кулап кетти

25 Бугу 202013:29 Бишкек Govori.TV

Бишкекте эркек киши 3-кабаттан кулап кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Свердлов районундагы Курулуш шаарчасы кичирайонунда жайгашкан үйдүн 3-кабатынан эркек киши (аты-жөнү такталууда), 1-кабаттагы курулушка кулап түшкөн.

Куткаруучулар жабыркаган жаранды түшүрүп тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Окуя болгон жерге 5 куткаруучу тартылган.

Количество просмотров: 333