• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Бишкекте итти тебелеп кеткен айдоочу изделүүдө

29 Үчтүн айы 20209:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында итти унаасы менен тебелеп кеткен айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу Ленин РИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 28-январда Бишкектеги көчөлөрдүн биринде Тойота Авенсис үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу итти тебелеп кеткен.   

«Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 132-берене (жаныбарларга орой мамиле кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда тергөө иштери башталып, айдоочу изделүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык түйүндөрдө айдоочу итти унаасы менен атайын сүзгөн видео тараган.

Количество просмотров: 200