• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкекте карантин учурунда жолдорду оңдоо жана курулуш иштери улантылууда

6 Бугу 2020 14:44 Бишкек Govori.TV

Бишкекте карантин учурунда жолдорду оңдоп-түзөө жана курулуш иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн өкмөттө өткөн брифингде Бишкек шаарынын вице-мэр Уланбек Азыгалиев билдирди.

«Борбор калаада «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоору ишке ашырылууда, анын алкагында 49 жол аймагында узундугу 94 чакырым жолдордо иштер аткарылды. Ошондой эле “Бишкек шаарындагы 23 жол аймактардагы узундугу 40 чакырым жолдорду жабууну калыбына келтирүү” долбоорун ишке ашыруу аяктап калды”, — деп билдирди вице-мэр Уланбек Азыгалиев.

Количество просмотров: 146