• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте куткаруучулар муздун алдынан жаш баланын сөөгүн алып чыгышты

31 Үчтүн айы 2023 12:23 Бишкек Govori.TV

Бишкекте куткаруучулар муздун алдынан жаш баланын сөөгүн алып чыгышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылган, 30-январь күнү ӨКМдин 112 кызматына саат 17:38 чамасында Октябрь районунун С.Каралаев көчөсүндөгү Аламүдүн суусунун, муздун алдына жаш бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ыкчам түрдө ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 11 куткаруучу, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам топ тартылган.

Куткаруучулардын издөө иштеринин натыйжасында, 6 жаштагы К.У.К аттуу баланын сөөгүн муздун алдынан алып чыгышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 196