• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бишкекте кышкы туристтик сезондун ачылышы болот

13 Бештин айы 2023 9:46 Бишкек Govori.TV

Бишкекте кышкы туристтик сезондун ачылышы болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 14-декабрда «Бишкек Арена» шаардык муз тебүүчү аянтчасында Кыргыз Республикасында 2023-2024-жылдарга кышкы туристтик сезондун расмий ачылыш аземи болот.

Иш-чарада коньки тебүү, муз акробатикасы, хоккей чеберчилигин көрсөтүү, популярдуу ырчы-бийчилердин катышуусунда концерттик программа менен коштолуп, катышуучулар арасында өнөктөштөрдүн ар кандай байгелүү сынактары уюштурулат.

Саамалыкты Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосунда, спорт жана оюн-зоок мекемелеринин колдоосунда «Шаардык муз тебүүчү аянтча» комплекси жана башка уюмдар менен биргеликте уюштурууда.

Количество просмотров: 61