• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте милиционерлерди сөгүп, СИЗО-1ге киргизилген кыз үй камагына чыкты

21 Чын куран 2020 23:33 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Октябрь райондук соту милиция кызматкерлерине баш бербей, бейбаштыкка шектелген кыздын баш коргоо чарасын карады. Бүгүн, 21-апрелдеги чечим менен мурунку чечим өзгөртүлдү, деп билдирди Бишкектин камендатурасынын басма сөз кызматы.

Эми ал кыз өндүрүш иштеринин алкагында үй камагында болот.

23 жаштагы кыздын баш коргоо чарасы 14-апрелде каралып, 15 күнгө СИЗО-1 мекемесине камакка алынган. Ага чейин социалдык тармактарда милиция кызматкерлерине агрессивдүү мамиле кылып, уят сөздөрдү колдонуп жана милициянын талаптарына баш ийбеген кыз тууралуу видео тараган.

11-апрелде кечки саат беш жарым чамасында Октябрь РИИБдин кызматкерлери көчөлөрдү текшерип турушкан. Юнусалиев менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде медициналык бет кап тагынбаганына байланыштуу жаш кыз токтотулган.

«Бирок ал адепсиз сөздөрдү айтып, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбай, коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын одоно бузуп, милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн», — деп билдирген комендатура.

Бул факт Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбаштык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Количество просмотров: 195