• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Бишкекте милициянын унаасы катышкан жол кырсыгы катталды (видео)

16 Чын куран 202011:33 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Лермонтов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде милициянын унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Анда милициянын унаасы менен жүк ташуучу бус кагышкан.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгынан 3 киши жабыркаган. Кырсык болгон жерге Тез жардам кызматы чакырылып, жабыркагандар ооруканага жеткирилген.

Социалдык тармактын колдонуучусу Болот Ибрагимов өздүк баракчасына кырсык болгон жерден видео жүктөгөн. Видеодон унаалар эвакуацияланып жатканын көрүүгө болот.

https://www.instagram.com/p/B_BtbzdgtYv/?utm_source=ig_web_copy_link
Количество просмотров: 277