• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Бишкекте министрликтердин биринин жетектөөчү адиси баңгизат менен кармалды

30 Тогуздун айы 2023 16:17 Бишкек Govori.TV

Бишкекте министрликтердин биринин жетектөөчү адиси баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу КР Ички иштер министлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-октябрда саат 21:40 чамасында ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери ыкчам-издөө чараларын жүргүзүүдө Бишкек шаарынын Манас проспектисинде жайгашкан турак үйдүн короосунда 1989-жылы туулган Ч.М.Т. аттуу жаранды кармашкан, аны кармоо учурунда тоголоктошкон формадагы кочкул жашыл заттарды жерге ыргытууга аракет кылган.

Кармалган жарандын жашаган жери боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ч.М.Т. ИИМдин БМЖКККнын «Гектар» аттуу кызматтык издөө итин колдонуу менен 10 даана өлчөмдөгү баңги каражаттар табылган жана алынган.

Алынган буюмдардын жалпы саны 18 даана болду. Жүргүзүлгөн экспертизага ылайык, алынган баңгизаттар кара куурайдын «гашиш» чайыры экени аныкталган.

Ч.М.Т. жарандан алынган баңгизаттар “Ооган чарсы” деп аталат.

Тергөө учурунда шектүү соттун чечимине ылайык Бишкектеги тергөө абагына киргизилди.

Количество просмотров: 134