• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бишкекте ШКУ, КМШ жана ЕӨАК жыйындары өтөт

24 Тогуздун айы 2023 14:14 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындары өткөрүлөт.

Жыйындардын жүрүшүндө уюмдарга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташтыкты чыңдоонун актуалдуу маселелери каралып, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө бир катар документтерге кол коюлат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы 2023-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине төрагалык кылууда.

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко, Иран Ислам Республикасынын Биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов, Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цян, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода, Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов, Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Ходжамырат Гелдимырадов, Индия Республикасынын Тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкар жана Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Джалил Аббас Джилани катышат.

Монголиянын Премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ 23-октябрда Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келген.

Количество просмотров: 72