• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны башталды

26 Тогуздун айы 2023 9:39 Бишкек Govori.TV

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын төрагалыгы алдында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны башталды.

Алгач делегациялардын башчыларын тосуп алуу жана сүрөткө түшүү аземдери болду. Андан кийин Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңейтилген жыйыны өтүп, документтерге кол коюлат.

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко, Иран Ислам Республикасынын Биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цян, Монголиянын Премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода, Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов, Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Ходжамырат Гелдимырадов, Индия Республикасынын Тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкар жана Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Джалил Аббас Джилани катышууда.

Количество просмотров: 78