• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкекте унаалар үчүн жаңы өтмөк ачылды

10 Бугу 202311:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Ч.Айтматов проспектиси жана Л.Толстой көчөсүнүн кесилишинде унаалар үчүн өтмөк ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Ч.Айтматов проспектисинин Лев Толстой көчөсүнөн «Сейтек» мектебине чейинки тилкесинде жол жана тротуар реконструкцияланууда.

«Жолдун өтүүчү бөлүгүнө асфальт төшөлүп, бордюрлар орнотулуп, жол сызыктары түшүрүлүп, жол белгилери орнотулду. Учурда тротуарды даярдоо жана бетон плиталарын орнотуу иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган тилкеде унаалар өтүүчү жол жок болуп, тротуар жараксыз абалга келген.

Теги:
Количество просмотров: 232