Бишкекте автоунааларын жашыл аянтчага токтоткон айдоочуларга карата чара көрүлдү.
Бишкек мэриясына караштуу Муниципалдык инспекциянын маалымат кызматы тараткан маалыматка ылайык, инспекция кызматкерлери жол инспекторлору менен биргеликте Токтогул көчөсүндөгү Ж.Турусбеков жана К. Акиев көчөсүнө чейинки бөлүктө автоунааларын башаламан токтоткон алты айдоочуну аныкташкан.
«Аларга “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 179-берененин 2-бөлүгүнө ылайык 33 миң сом өлчөмүндө айыппул салынды», — деп айтылат маалыматта.