• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте жүрүп бараткан маршруткага түркүк кулады

26 Жалган куран 2019 16:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 26.03.2019. Govori.TV

Бишкекте Ош базарынын айланасындагы Чүй жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүнчү ташыган маршрутка жана дагы  бир жеңил унаага түркүк кулады. Бул тууралуу окуя болгон жерден күбөлөр кабарлады.

Маалыматка ылайык, троллейбус жүрүп бараткан учурда электр линиясы тартылып калып, натыйжада столба кулап калган.

«Көрсө, столба дат басып, өзү эле кулайын деп калган экен. Троллейбустун линиясы тартылып кеткен кезде ага күч келип, жүргүнчү ташыган маршруткага кулап түштү», — деп билдирет окуянын күбөсү.

Күбө билдиргендей, окуядан эч ким жабыркаган эмес.

«Кырсык эки саат мурда болду, бирок, азырынча эч ким келген жок. Жолдо унаа тыгыны пайда болду. Көргөнү келген элдин айынан, Чүй проспектинде тыгын болуп, унаалар араң өтүүдө».

Окуя болгон жерге авариялык кызматтын унаасы жана адистери келген.

Булак: “Кабар”

Теги:
Количество просмотров: 11