• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкекте жолдордун чуңкурлары жамалып жатат

12 Жалган куран 20249:27 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жолдордун чуңкурларын жамоо иштери жүрүп жатат. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда “Бишкекасфальтсервис” ишканасынын кызматкерлери Ахунбаев көчөсүндө Юнусалиев көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин иш алып барууда.

Байтик баатыр көчөсүндө Аалы Токомбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин, Абдрахманов көчөсүндө Лев Толстой көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин чуңкурлар жабылган. Бүгүн Абдрахманов көчөсүн бойлой Чүй жана Жибек Жолу проспектилеринин ортосундагы тилкени жамоо иштери пландалууда.

Белгилей кетсек, Байтик баатыр жана Абдрахманов көчөлөрүндө 2001-2003-жылдары капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, жолдун үстүн жабууга кепилдик мөөнөтү 5 жыл болгон.

Количество просмотров: 81