“Бишкекжылуулукэнерго” ишканасынын директорунун орун басары Шаршенбек Сарыкеев Бишкек жылуулук электр борборунда 2-февралда болгон авариядан улам борбордо канча районго жылуулук берүү токтотулганын айтты.
Анын айтымында, жылуулук жок болгону менен түтүктөрдө суу айланып турат.
«Бишкектин №3, 5, 6, 7, 11, 12 кичи райондоруна, жана 8-кичи райондун бир бөлүгүнө, “Улан”, “Көк жар” кичи райондоруна жылуулук берүү токтотулду»,-деди ал.