Бишкек шаарындагы №4 төрөт үйүндө 29 жаштагы келин көз жумду.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, учурда бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат.
Кошумчалангандай, толук маалымат иликтөөнүн жыйынтыгына жараша берилмекчи.
5-февралда 29 жаштагы келин төрөтүүчү кесарево операциясы учурунда каза тапкан. Анын үчүнчү төрөтү экени айтылууда.