• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкектеги атышууда төрт унаа талкаланды (Видео)

9 Бештин айы 201923:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Гагарин жана Некрасов  көчөлөрүнүн кесилишинде атышуу болуп,  төрт унаа жабыркады. Бул тууралуу күбөлөр тартып алып, социалдык тармактарга жүктөдү.

Алдын ала маалымат боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү чатакташа кеткен. Анда унаалардын терезеси талкаланып, бир автоунаа бакты сүзүп токтоп турганын көрүүгө болот.

Ал эми Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматы учурда ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирген.

Булак: Sputnik Кыргызстан

Количество просмотров: 11232