Мэриянын маалыматы боюнча Бишкек шаарындагы түштүк-батыш көрүстөнү 2021-жылдын 1-январынан тарта жабылат.
Билдирүүгө ылайык, тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбай Түлөбаев кол койду.
«Көрүстөндүн жабылышы сөөктү жерге берүүгө жер тилкесинин жоктугу, «Ала-Арча», «Жер-Ынтымагы» конуштарынын тургундарынын кайрылуулары жана Мамэкотехинспекциясы, санэпидкөзөмөл борбору, «Бишкекбашкыархитектура» ишканасынын корутундусу себеп болгон», — деп айтылат маалыматта.
Мындан кийин сөөк Чүй облусунун Аламүдүн районунун Грозь айылында жерге бериле баштайт.