• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бишкектеги ыш көйгөйүн жоюу багытында кандай иштер аткарылып жатат?

8 Бештин айы 2023 15:24 Бишкек Govori.TV

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министринин биринчи орун басары Медетбек Маметов «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйындын жүрүшүндө Бишкектеги ыш көйгөйүн жоюу багытында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Ал өз сөзүндө абанын булганышынын негизги булактарына токтолду. Алар:

  • турак жайларды жылытууда сапатсыз аз калориялуу көмүрдү пайдалануу — 40%;
  • автомобиль транспорту — 29%;
  • өзгөчө дизель майы менен жүргөн жүк ташуучу унаалар, микроавтобустар жана өнөр жай ишканалары — 15%);
  • Бишкек ЖЭБи — 5-10%.

Буга байланыштуу бүгүнкү күндө Кыргызстанда парник газдарынын эмиссиясын 2025-жылга чейин 16,63% жана 2030-жылга чейин 15,97% кыскартуу каралууда, биринчи кезекте энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу аркылуу.

«Учурда Бишкектеги «Газпром Кыргызстан» ЖЧК менен биргеликте 27 жаңы конуш газдаштырылды. 2023-жылга карата 9 калктуу конушту газдаштыруу боюнча жол картасы иштелип чыгып, кол коюлган. Газдаштыруу көмүрдү керектөөнү болжол менен 15 миң тоннага азайтат. 1-декабрга карата 8 миң 900дөн ашуун жаңы абонент газ тармактарына кошулду», — деди ал.

Министрдин биринчи орун басары белгилегендей, бир үй-бүлөгө сезондо орточо 3 тонна көмүр керектелет. 2023-жылдын аягына чейин 11 калктуу конушту газдаштыруу ийгиликтүү ишке ашырылса, 30 миң тонна катуу отундун күйүүсү жоюлат. Аны менен катар Маметов жабдууларды сатып алуу жана газга кошулуу үчүн жылына 8-12% менен 1 млрд сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыяларды «РСК» жана «Айыл Банк» банкы аркылуу субсидиялоо программасы киргизилгендигин кошумчалады.

«»Бишкекжылуулукэнерго» ишканасынын 22 отканасы газ жана альтернативдик жылытууга өткөрүлдү. Бардыгы болуп 74 от казан бар. Көмүрдү пайдалануу 3 миң 600 тоннага кыскарды», — деди ал.

Теги:
Количество просмотров: 85