• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкектин кайсы конуштарында коронавирус аныкталды? (тизме)

30 Чын куран 2020 15:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында коронавирус жуктурган 183 адамдын ичинен 43 адам борбор калаанын айланасындагы конуштарда жашайт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү онлайн маалымат жыйында мэр Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтымында, буга байланыштуу бүгүнкү күндө конуштарда абал кооптуу бойдон калууда.

47 адам аныкталган 14 конуш:

  • 6 адам Арча-Бешик конушунда;
  • 3 адам Ак-Өргө конушунда;
  • 7 адам Көлмө конушунда;
  • 6 адам Ак-Босого конушунда;
  • 2 адам Керамический конушунда;
  • 1 адам Ак-Ордо конушунда;
  • 1 адам Кара-Жыгач конушунда;
  • 1 адам Ынтымак конушунда;
  • 1 адам Алтын-Ордо конушунда;
  • 1 адам Көк-Жар конушунда;
  • 1 адам Касым конушунда;
  • 1 адам Мурас-Ордо конушунда;
  • 1 адам Тынчтык конушунда;
  • 1 адам Учкун конушунда.

Учурда Бишкек шаары Кыргызстанда коронавирус аныкталган учурлар боюнча биринчи орунда.

Количество просмотров: 886