• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Блогер Элмир Сыдымановдун сотунда журналистер киргизилген жок

5 Кулжа 2020 11:13 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Октябрь райондук сотунда бүгүн блогер Элмир Сыдымановдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Сот ачык өтүп жатканы менен судья журналисттердин кирүүсүнө тыюу салып, Акыйкатчы институтунун өкүлү да залдан чыгарылды. Октябрь райондук сотунун алдына блогерди колдоп жакындары келген.

Элмир Сыдыманов Жазык кодексинин «Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси боюнча айыпталууда. Аны сот залынан камакка алып, алты жылга эркинен ажыратууну Прокуратура сураган.

Белгилей кетсек, Сыдыманов «Инстаграм» баракчасы аркылуу түз эфирде түндүк-түштүк маселесин козгоп, анын айткандары коомчулукта нааразычылыктарды жараткан. Ал 18-февралда Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 28-февралда үй камагына чыгарылган.

Количество просмотров: 90