• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Боронов: Абал туруктуу сакталса, башка каттамдарды ачуу боюнча иштер жүргүзүлөт

23 Аяк оона 202016:05 Бишкек Govori.TV

Эпидемиологиялык абал туруктуу сакталса, анда дагы башка каттамдарды ачуу боюнча иштер жүргүзүлөт. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов бүгүн, 23-сентябрда брифинг учурунда билдирди.

«Эң көп кайрылуулар авиа каттамдарды жандандырылуусу боюнча келип жатат. Өткөндөгү брифингде 32 өлкөгө каттамдарды ачууга макулдук берилди. Анын ичинен өтө көп суралган: Орусия, Казакстан, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары жана башкалар. Эгерде эпидемиологиялык абал туруктуу сакталса, анда дагы башка каттамдарды ачуу боюнча иштерди күчөтөбүз», — деп билдирди премьер-министр Кубатбек Боронов.

Количество просмотров: 92