• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Боронов: Аймактардагы эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөн чыгарбай, катуу тескөө керек

28 Теке 2020 15:24 Бишкек Govori.TV

Аймактардагы эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөн чыгарбай, катуу тескөө керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчама штабдын жыйынында билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аймактагы эпидемиологиялык кырдаалга персоналдуу түрдө жооп берет. Күндүзгү стационарларга кайрылгандардын динамикасы төмөндөп баратат деп, бошоңдоп калбастан, жарандардын өмүрүн сактап калуу үчүн буга чейин белгилегенген иштерди жүргүзүүнү улантуу керек. Өзгөчө илдеттин кесепитенен каза болгон учурлардын алдын алуу боюнча жумуштарды күчөтүңүздөр», — деп билгиледи Премьер-министр.

Жыйында эксперттер жана адистерден турган топ тарабынан иштелип жаткан дарылоонун жаңы протоколу тууралуу маалымат берилип, Өкмөт башчы коронавируска каршы ийгиликтүү күрөшө алган өлкөлөрдүн дагы тажрыйбасын эске алуу керектигин айтты.

Ошондой эле Кубатбек Боронов мамлекеттик сатып алуулар аркылуу ооруканаларга керектүү жабдууларды алып келүү иштерин күчөтүүнү милдеттендирди.

«Өлкөнүн ар бир облусуна компьютердик томография, рентген аппаратын сатып алуу боюнча иштерди катуу көзөмөлгө алуу шарт. Ошондой эле COVID-19 инфекциясын жугузуп алган жарандар дарыланып жаткан ооруканаларда кышкысын аба айланып туруш үчүн рециркуляторлор орнотулууга тийиш», — деп кошумчалады Премьер-министр

Жыйындын соңунда Премьер-министр Кубатбек Боронов Саламатттык сактоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтерине эпидемиалогиялык кырдаалдын кийинки баскычына жана илдеттин болжолдонуп жаткан экинчи толкунуна терең талдоо жүргүзүүнү тапшырды.

Количество просмотров: 111