• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Боронов: Кыргызстанда 466 миң адамда коронавирус жеңил түрдө өтүүдө

11 Баш оона 2020 15:10 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө адистердин божомолу боюнча 466 миң адамда коронавирус жеңил түрдө өтүүдө. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

«Ачык булактардын маалыматтарына ылайык, элдин үчтөн эки бөлүгү ооруга чалдыккан жок же оору белгилери жок өтүп жатат. Ал эми 1,4 млн адамдын ичинен үчтөн бир бөлүгүндө же 466 миң адамда оору жеңил түрдө дарыгерлердин жардамысыз өтүп жатат»,-деди Боронов.

Боронов учурда дагы тактоочу эсептөөлөр жүргүзүлүп жатканын, анын жыйынтыгы менен калктын канча пайызы ооруп жатканын же ооруп чыкканын божомолдоп айтууга боло турганын кошумчалады.

Количество просмотров: 90