• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Боронов: Шайлоону таза өткөрүү үчүн өкмөт бардык аракетин жумшайт

1 Тогуздун айы 2020 17:30 Бишкек Govori.TV

Өкмөт Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо процессин ачык жана таза өткөрүү үчүн бардык аракеттерди көрөт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

«Шайлоочулардын тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрине кирген персоналдуу маалыматтардын негизинде түзүлдү. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тизмени тактап, шайлоочулардын саны 3 523 554 жаранды түздү. Учурдагы мыйзамдар боюнча № 2 форманы толтургандардан тышкары ар бир жаран катталган жери боюнча добуш берет. № 2 форма боюнча өзүнчө токтолгум келет, аны менен бир киши бир нече жолу добуш берсе болот экен деген ушак-айыңдар айтылууда. Автоматташтырылган система буга жол бербейт, анткени манжа изи гана идентификацияланбастан, адам жүзүн таануу дагы жүргүзүлөт. Бир киши бир эле жолу добуш бере алат. Башкача айтканда, автоматташтырылган биометрикалык система добуш берүүнүн экинчи аракетине бөгөт коет», — деди Боронов.

Өкмөт башчы мамлекеттик кызматкерлерге шайлоо алдындагы процесстерге кийлигишпөө керектигин эскертти.

«Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамдын 22-беренесине ылайык, үгүт иштерине катышпоого жана административдик ресурсту пайдаланууга тыюу салынган. 2015-жылдагы шайлоодон кийин шайлоо мыйзамдарынын ичинде үгүт иштеринде административдик ресурсту колдонуу, шайлоочуларды добушун сатып алуу сыяктуу иштерге катуу санкциялар киргизилген. Мыйзам бузуу болгон жок дегенден алысмын, бирок өлкөдө абал тынч», — деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Количество просмотров: 58