• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Үч адамдын өлүмүнө айыпталган Ашыралиев өмүр бою эркинен ажыратылды

3 Жетинин айы 2023 16:18 Бишкек Govori.TV

Үч адамды өлтүрүүгө айыпталган Чынтемир Аширалиев күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы чыгарды.

Бүгүн, 3-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч адамды өлтүрүүгө шектелип кармалган Чынтемир Ашыралиевдин иши каралып, анда Ашыралиев акыркы сөз сүйлөп, жеңил жаза сураган.

«Кандай чечим кабыл алсаңыз дагы жаза өтөөгө макулмун, бирок анын алдында тергөө иштеринин жүрүшүндөгү кемчилик, каталарды эске алып жеңилирээк жаза берүүңүздү суранам»,-деди ал.

2-ноябрда болгон соттук отурумда прокурор судьядан Ашыралиевди өмүр бою эркинен ажыратууну суранган.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкекте 51 жаштагы аял, анын 17 жаштагы кызы жана жети жаштагы уулу өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалган. Кылмыш иши тергелип бүтүп, июнь айында сотко өткөн.

Ашыралиев УКМКда 15 жыл иштеген. 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо Баткендеги бир мандаттуу №2 шайлоо округунан талапкерлигин койгон.

Количество просмотров: 586