• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Чүйдө милиция сабалды

19 Бирдин айы 202113:53 Бишкек Govori.TV

“Чалдовар-автодорожный” өткөрүү пунктунда милиция кызматкери сабалды. Маалыматты Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлеринин жанына үч мас киши басып келишкен. Алардын тартип сакчыларынын бирин сабап, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Кылмышка шектүү катары 21 жаштагы К.Н. кармалды. Ошондой эле окуянын калган эки катышуучусунун өздүгү такталып, тергөө жүрүүдө.

Количество просмотров: 223