• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чечилген чек ара маселеси. Чиеленишкен кызыкчылыктар

2 Чын куран 2021 19:45 Бишкек Govori.TV

Өткөн аптада чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегация Ташкент шаарында өткөн кезектеги сүйлөшүүлөрдөн кайтып келип, талаштуу жерлер боюнча маселе жүз пайыз чечилгенин шардана кылды.

Деген менен Кемпир-Абад жана Орто-Токой суу сактагычтары кыргыз-өзбек чек арасын тактоодо Өзбекстанга берилгени кыргыз коомчулугунда суроолорду жаратты.

А түгүл айрым эл өкүлдөрү Кыргыз тараптан Өзбекстанга суулуу жерлер, айрыкча стратегиялык маанидеги обьектилер — Орто-Токой менен Кемпир-Абаддын берилери туура эмес чечим болгонун айтып баш чайкашты.

Кээ бир эл өкүлдөрү болсо, Өзбекстан сууга көзөмөлдү алды деген пикирлерге такыр эле кошулбайт.

Ал эми чек ара боюнча эксперт Саламат Аламанов чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдө «уткан же утулган» тарап болбойт деп билдирди. Анын айтымында, тараптардын сүйлөшүүлөрүнөн тыянак чыгаруу эрте.

Кыргызстан- менен Өзбекстан 1378 чакырым жерден чектешет. Алардын 85 пайызы мурда такталганы айтылган. Өкмөттөрдүн азыркы тактоолорду жакынкы үч айда толук ишке ашыруу планы бар. Бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кеңешмесинини жыйынтыгы боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүп жатышат. Жолугушууга келген аксакалдар Ташиевге Эл баатыры наамын берүү үчүн кол чогултулуп жатканын кабарлашкан. УКМК төрагасы азырынча ал наамга татыктуу эмес экенин айтты.

Протоколдо бекитилген жерлерди картага түшүрүп, тактап жазуу иштерине үч ай кетери буга чейин айтылган. Бир топ көйгөйлөр ошол учурда ачыкка чыгат. Жумушчу топтун чечими өкмөткө берилип, өкмөт парламенттин кароосуна киргизет, андан кийин президенттин кол коюусуна жиберилет. Адатта жумушчу топтун сунушу жактырууга ээ болот.

Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегация Ташкент шаарында өткөн кезектеги сүйлөшүүлөрдөн кайтып келип баш-аякты жыйгыча бул аптада чечилбеген кыргыз-тажик чек арасы мамлекеттердин расмий жетекчилеринин бири менен дипломатын кайым айтыштырды.

Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи 30-мартта «Фейсбукта» Ворух боюнча узун пост жазган. Анда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин «Тажикстан менен Ворухту алмашууга даярбыз» деген сөзүнө төмөндөгүдөй комментарий берген комментарий берген.

«Ворух бардык тарыхый документтерге, саясий жана географиялык карталарга ылайык анклав болгон эмес… Тажиктерге өздөрүнүн эле жерин кайра анын өзүнүн аймагынын башка бөлүктөрүнө алмашууну сунуштоонунун кереги жок!», — деп жазган дипломат.

Тажикстандын дипломаты жазган сөздөр «Фейсбукта» кызуу талкууланып жатат. Кыргызстандыктар менен тажикстандыктар чек ара, жер жана эки өлкөнүн саясатына чейин талашып тартышып жатышат.

Камчыбек Ташиев 31-мартта Хамрохон Зарифи мырзанын билдирүүсүнө кайрадан жооп кайтарганы бар.

«Мен эмне кылдым? Өкмөттүк делегациянын башчысы катары Ворух анклавы боюнча биздин сунуштарыбызды урматтуу кесиптешим Саймумин Сатторовичке эки тараптын делегация мүчөлөрүнүн көзүнчө тапшырдым. Болду, биздин жакын коңшу өлкөнүн дарегине бир дагы сөз жок», — деп жазган Ташиев.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы — 970 чакырым. Мунун 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон калууда. ӨлкөдөТажикстандын Ворух жана Кайрагач анклавдары жайгашкан. Кыргызстан коңшулары Казакстан, Кытай, Өзбекстан менен чек ара тилкелерин тактап алганы менен Тажикстан менен гана маселе чечилбей турат.

Количество просмотров: 329