• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Чоочун адамдар “витамин” деп белгисиз заттарды таратып жүрүшөбү? Милициянын жообу…

28 Үчтүн айы 2020 14:38 Бишкек Govori.TV

Интернетте Ысык-Көл облусунун Тоң районунда чет элдик жарандар конфет таратып жатат делген видео тарады.

Тасманын авторунун пикиринде, таттуулар шек жаратат жана кооптуу болушу ыктымал. Өзүн Түштүк Кореянын жараны деп тааныштырган кыз ал витаминдер экендигин билдирген.

Ал эми Ысык-Көл облустук ИИБдин маалымат кызматы окуя 2018-жылы кышында Балыкчыда болгонун маалымдады. Алардын айтымында, видеодо Түштүк Кореянын студенттери. Алар калаанын жашоочуларына англис тилин үйрөтүү үчүн келген ыктыярчылар.

«Көчөлөрдүн биринде балдар ойноп жатканда чет элдик жарандар өздөрү жеген витаминдерин сунушкан. Бирок тургундар аны башкача кабыл алган. Аймактык милиция конфет кооптуу эместигин териштирген болчу. Андыктан жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырабыз», — дешти милициядан.

Окуя болгон жерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. ИИБден кошумчалашкандай, ал убакта өлкөдө белгисиз адамдар аллергия чакырган конфеттерди таратып жатат деген ушак кептер тараган.

Количество просмотров: 127