Бишкек.29.07.2019.Govor.TV.
Чүй облусунун Чым-Коргон айылындагы республикалык психиатриялык ооруканадан качып кеткен адам изделүүдө. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.
Маалыматка ылайык, 20 жаштагы Азамат Токушев 27-июлга караган түнү аталган ооруканадан качып кеткен. Ал эми Сокулук райондук соту аны бул ооруканада күчтөп дарылоого 2018-жылы жөнөткөн.
Милиция бөлүмү качып кеткен Азамат Токушев тууралуу маалымат болсо 0 (312) 60-75-67, 0 (702) 54-32-27 , 0 (500) 05-88-06 же 102 номурларына телефон чалып кабарлоону суранды.