Кыргызстанда сутка ичинде 261 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы айыккандар:
— Бишкек шаарында 134 адам;
— Ош шаарында 1;
— Чүй облусунда 13;
— Ош облусунда 6;
— Талас облусунда 4;
— Нарын облусунда 1;
— Ысык-Көл облусунда 52;
— Жалал-Абад облусунда 26;
— Баткен облусунда 24 адам.
Учурда Кыргызстанда коронавирустан айыгып чыккандардын жалпы саны 38 миң 459га жетти.