• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Дааратканада окуучу кызды зордуктамак болгон адам кармалды

22 Жалган куран 2019 14:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.03.2019. Govori.TV

Базар-Коргон районунда №1 Макаренко мектебинин башталгыч классынын окуучусун дааратканада зордуктоого аракет кылган кишиден жогорку класстын окуучулары куткарып калышкан. Бул тууралуу «Азаттыкка» мектеп директору Гүлнара Эргешова билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-март күнү даярдоо классында окуган үч окуучу кыздын бирин бейтааныш киши жакын жайгашкан №4 Навои атындагы мектептин дааратканасына алып кирип кеткен. Ал жети жаштагы кызга кол көтөрүп, зордуктоого аракет кылып жатканда жогорку класстын окуучулары куткарып калышкан.

«Кылмышка шектүү адамды милицияга өткөрүп бердик. Окуучуну дарыгерлер карап, жабыр тартпаганы аныкталды. Азыр ага психологиялык жардам көрсөтүлүп жатат», — деди Эргешова.

№1 Макаренко жана №4 Навои атындагы мектептери жанаша жайгашкан. Макаренко мектебинде 1800дөн ашык окуучу билим алат. Райондук милиция кылмышка шектүү катары кармалган 34 жаштагы кишинин окуясы териштирилип жатканын билдирди.

Булак: “Азаттык”

Теги:
Количество просмотров: 11