• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Дистанттык билим алууда көйгөй жаралса кимге кайрылуу керек? 

8 Чын куран 2020 15:32 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө 8-апрелден тартып аралыктан окуу башталды. Билим берүү жана илим министрлигинде дистанттык форматта билим берүү тобу уюштурулган. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Ал билдиргендей, аталган топ бардык суроолорго жооп берип, кеӊеш берип, ар бир регион менен байланышып, пайда болгон кѳйгѳйлѳрдү чечүүгө жардам берет.

Ыкчам байланыш үчүн тѳмѳнкү телефондорго чалуу керек:

0550-512-075;

0550-801-026;

0550-368-784;

0550-513-385;

0557-442-355
Андан тышкары, министрлик дистанттык окутуу боюнча жаралган суроолор үчүн 5858 ыкчам байланыш номерин ишке киргизди.

Количество просмотров: 84