• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Доор адамы Дооронбек Садырбаев

13 Бирдин айы 2018 17:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.02.2018. Govori.TV.
Дооронбек Садырбаевдин «Даанышман» деген беш томдук китебинин бет ачары 13-февралда Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада болду. Китепти Садырбаев атындагы кайрымдуулук фонду чыгарды. Жыйынга коомдук жана саясий ишмерлер катышты.
Китепте Алыкул Осмонов тууралуу романдан тарта Садырбаевдин аңгеме, макала, публикацияларына чейин камтылган
Айтылуу кинорежиссёр, акын жана жазуучу, коомдук-саясий ишмер Дооронбек Садырбаев 1939-жылы Ноокен районунун Апыртан айылында туулган. 1995-жылдан 2008-жылга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон. «Кайран эл» саясий партиясын түзгөн. 70тен ашык даректүү, 16 көркөм тасманын, сегиз китептин автору.
Кыргыз эл баатыры, Кыргыз эл артисти жогорку наамдарынын ээси Дооронбек Садырбаев 2008-жылы 28-майда каза болгон.
Количество просмотров: 66