Кыргыз Республикасынын эл артисти, заманыбыздын залкар актёру Марат Алышпаев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Эл артистин акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 4-апрелде саат 13:00дө Т. Абдумомунов атындыгы Кыргыз Улуттук драма театрында өтөт. Маркумдун сөөгү өзү туулуп-өскөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылына жерге берилет.
Алышпаев 1947-жылы 17-декабрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1972-жылы А.В. Луначарский атындагы Москва театр искусство институтун аяктаган.
Марат Алышпаев түрдүү жанрдагы ролдорду мыкты аткарган, чыгармачылыгын коомдук иштер менен айкалыштыра билген актёр болгону менен белгилүү.