• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Элчи Аликбек Жекшенкуловдун баласы жаңы кызматка дайындалды

11 Баш оона 2020 14:26 Бишкек Govori.TV

Беккул Жекшенкулов Бишкек мэриясынын борбордук аппаратынын эл аралык кызматташтык жана протокол бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кол койгон.

Жекшенкулов буга чейин эл аралык уюмдарда иштеп келген.

Белгилей кетсек, Беккул Жекшенкулов Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун уулу.

Количество просмотров: 895