Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Элчибек Джантаев дайындалды.
Белгилей кетсек, Элчибек Джантаев учурда Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары болуп иштеп жаткан.
Эске салсак, 26-октябрда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев башка жумушка которулуп жаткандыгынан улам кызматтан кеткен.
Джантаев Эльчибек Нуржадыевичтин кыскача өмүр баяны:
Тууган күнү: 08.09.1973-жыл,
Туулган жери: Советское айылы Ак-Суу району Ысык-Көл
облусу,
Улуту: кыргыз
Билими: Жогорку,
Адиси: Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит.
Эмгек тажрыйбасы:
09.09.1990 01.07.1991 — окуу Ысык-Көл бух мектеби;
04.07.1991 25.06.1992 — Ак-Суу районунун Дзержинский атындагы совхозу бухгалтер;
25.06.1992 01.08.1992 — №2 бөлүмү бухгалтер;
02.01.1993 01.09.1995 — Кызыл –Кыя орто мектеби чарба бөлүм башчысы;
12.09.1995, 15.12.2002 — Кызыл –Кыя айылы АКХ бухгалтер, кадр бөлүмү, экономист;
20.12.2002, 01.08.2003 — Ак-Чий айыл өкмөтү Статист-экономист;
01.08.2003, 20.01.2009 — Ак-Чий айыл өкмөтү Жоопту катчы;
20.01.2009, 05.11.2012 — Ак-Чий айыл өкмөтү Башчы;
26.11.2012, 16.04.2014 — Ак-Чий а/кенеш Депутат;
16.04.2014/, 09.02.2018 — Ак-Суу раймамадминистрация Акимдин биринчи орун басары;
09.02.2018, 29.07.2020 — Түп раймамадминистрация Башчы -аким;
29.07.2020 — КРӨ Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты Биринчи орун басары.