• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Эмне үчүн Кыргызстан “Борбор Азиянын Швейцариясы” боло алган жок?

28 Жалган куран 2024 14:03 Бишкек Govori.TV

Жаңы жыл мезгилин мен Швейцарияда өткөрдүм. Ошондуктан бул өлкө тууралуу көбүрөөк билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Бул өлкө 2023-жылдын күзүнөн бери менин уулум иштеп жаткан өлкө. Бул өлкөдө болуу мен үчүн абдан кызыктуу тажрыйба болду, анткени бул өлкө мен көп жылдан бери иштеп келген Борбор Азиядагы Кыргызстанга абдан окшош.

Эки өлкө тең калкы аз чакан мамлекет болуп саналат. 8,8 миллион калкы бар Швейцариянын аянты 41291 км² түзөт. Ал эми 7 миллион калкы бар Кыргызстан 199900 км² аянтты ээлейт. Эки өлкөнүн тең мунай жана газ сыяктуу жаратылыш ресурстары жокко эсе. Эки өлкөнүн окшоштугу эмнеде? Алар тоолуу өлкөлөр. Алардын аймагы тоо көлдөрүнө жана жайыттарга бай. Мындай тоолуу шарттар жарандар жана экономика сектору үчүн жетиштүү инфраструктураны түзүүнү кыйындатат. Көп учурда Кыргызстан мурда «Борбор Азиянын Швейцариясы» аталып келген. Эгерде биз ар кандай көрсөткүчтөрдү салыштыра турган болсок, анда Кыргызстан бул наамга ээ болуу үчүн дагы узак жол талап кылынаарын байкайбыз. 2022-жылы Швейцариянын жашоочусунун бир жылдык орточо кирешеси 103 311,01 долларды түзгөн. Бул көрсөткүч боюнча Швейцария дүйнөдө үчүнчү орунда турат. Ал эми Кыргызстандын жашоочусунун бир жылдык орточо кирешеси 2023-жылы 1 829,59 долларды түзгөн. Бул Швейцария жаранынын жылдык кирешеси Кыргызстандын жаранынын жылдык кирешесине салыштырмалуу бир нече эсе көп дегенди билдирет — негизги географиялык шарттары бир топ окшош болгондугуна карабастан. Албетте, азыркы Швейцария Республикасы 1849-жылы түзүлгөнүн жана Кыргыз Республикасы 1991-жылы Советтер Союзунан эгемендүүлүк алгандан кийин түзүлгөнүн моюнга алуу зарыл.

Эл аралык эксперттердин айтымында Швейцариянын гүлдөп өсүшүнүн себептери анын чакан администрациясы жана жигердүү жарандары менен байланыштуу. Швейцария бай, анткени мамлекет көп иштерге кийлигише бербейт жана жарандардын жоопкерчилиги жогору. “Төмөндөн жогоруга” башкаруу системасынын ийгиликтүү иштешин Швейцариянын тарыхынын мисалында байкоого болот. Өлкөгө жана анын жарандарына эч кандай ири мамлекеттик түзүлүштүн кереги жок. Бийлик ар дайым жана бардык жерде өз жарандарын жетектеп, коргоп жана чектеп турушу керек деген ойду жаратуунун дагы кереги жок. Швейцарияны ийгиликтүү кылган нерсе — бул көйгөйлөр пайда болгондо гана жана алар пайда болгон жерде гана практикалык жол менен чечилиши керек экенин түшүнө билүүсү. “Чакан мамлекеттик башкаруу вертикалы, бирок жалпысынан күчтүү мамлекеттүүлүк”.

Швейцариялыктар саясий партиялардын жана саясатчылардын популизмин жактырбайт. Алар “төмөндөн жогоруга” башкаруу структурасына ишенишет. Алардын өлкөсүнүн структурасы өтө федеративдүү. Децентрализация мамлекеттик принцип болуп саналат: 9 миллионго жакын калк, 26 регион (облус) жана 2136 муниципалитет (айыл аймактары). 2020-жылы борбордук мамлекеттин жылдык кирешеси 75 миллиард швейцариялык франкты жана региондордун (облустардын) жалпы кирешеси 97 миллиард швейцариялык франкты түзгөн. Ал эми муниципалитеттердин (айыл аймактарынын) жалпы кирешеси 50 миллиард швейцариялык франкты түзгөн. Региондор жана муниципалитеттер чыгашаларынын негизги бөлүгүн өздөрү чогулткан салыктык кирешелердин эсебинен каржылашат. Алар кайсы салыкты кандай өлчөмдө киргизүүнү жана салыктык кирешелерди кайда жумшоону өздөрү чечишет.

Ар бир швейцариялык жаран өзүн жалпы Швейцария Республикасынын маанилүү бөлүгү катары сезет. Жыл сайын жарандар коомдук турмуштун маанилүү маселелери боюнча ондогон аймактык жана улуттук референдумдарга катышып добуш беришет (мисалы, жакында ар бир жаран үчүн негизги кепилденген айлык киреше киргизүү боюнча референдум өткөн; жыйынтыгында ал демиге четке кагылган). Бул референдумдардын көбүн жарандар өздөрү демилгелешет. Улуттук референдум өткөрүү үчүн кеминде 100 000 кол топтоо талап кылынат. Экономикалык чөйрөдө гана Швейцариянын жарандары мамлекетти 75 улуттук референдум өткөрүүгө мажбурлай алышкан.

Швейцариянын жарандары бай, экономикасы туруктуу, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагы мыкты деңгээлде иштейт, коомдук транспорт мыкты, мамлекеттик карыздар төмөн, инфляциянын деңгээли 3 пайыздын тегерегинде, анткени социалдык камсыздандыруу системасы ар бир жаранга кам көрөт. Швейцариянын ийгилиги “Төмөндөн жогоруга” федеративдүүлүк принцибине негизделген. Көпчүлүк маселелерди Швейцариянын борбору Берндеги президенттик администрация же өкмөт чечпейт. Алардын көбү региондордун (облустардын) жана муниципалитеттердин (айыл аймактардын) деңгээлинде чечилет. Ар бир Швейцария жараны өзүнүн мамлекети үчүн жана бүткүл Швейцария эли үчүн өзүн жоопкерчиликтүү сезет!

Суроо жаралат, Эмне үчүн Кыргызстан эгемендүүлүк алганына 32 жыл толушуна карабастан “Борбор Азиянын Швейцариясы” боло алган жок?

Кыргызстандын канааттандырарлык эмес өнүгүшүнө жана азыркы абалына эгемендүүлүк алгандан баштап (1991-ж.) 2020-жылдын аягына чейинки бардык президенттер жана алардын администрациялары менен өкмөттөр жооптуу (Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев жана Жээнбеков). Акыйкат башкаруунун жетишсиздиги, коррупция, туруксуз саясат ж.б. жагдайлар кыргыз калкынын чоң бөлүгүн байытпай, кедей кылган.

Министрликтер, агенттиктер жана университеттер сыяктуу мекемелер миңдеген кызматкерлерин “тажрыйба алмашуу” максатында чет өлкөгө жиберип, сансыз жабдууларды алып жатканына карабай, эмне үчүн эл аралык аккредитацияга же жогорку рейтингге ээ боло электигин сураш керек.

Бирок эл аралык донорлор дагы миллиондогон доллар, евро, фунт, йена,… жумшап жыл сайын ондогон чет элдик эксперттерди жиберип турса да, Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө эмне үчүн көбүрөөк салым кошулган жок деп өз ишмердүүлүгүнө реалдуу баа бериши керек.

Демек, бир гана тыянак бар!

Келиңиздер, баарыбыз биргелешип өнүгүү пландарыбыздагы мурунку катачылыктарды талдап, келечекке реалдуу, натыйжага багытталган иш пландарын даярдап, бардык кыргызстандыктардын тынчтыкта жана бакубатта жашоосу үчүн биргелешип аракет кылалы!

Кыргызстандын жарандык коомунун активдүү өкүлдөрүн өлкөнүн өнүгүү процессине катыштырууга аракет кылалы. Швейцариянын мисалы баарыбызга муну кантип жасоону абдан таасирдүү түрдө көрсөтүп турат. Кыргызстанда жарандык катышууну уламдан-улам жокко чыгаруу (райондук кеңештерди жана райондук бюджеттерди жоюу сыяктуу) мен үчүн туура эмес жана аны кайра карап чыгуу керек.

Алга, Кыргызстан!

Автор: Макс Георг Майер, Ханнс Зайдель Фондунун Борбор Азиядагы директору.

Количество просмотров: 136