• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Эне балдардын өлтүрүлүшү. Шектүү УКМКнын экс-кызматкери, ЖК депутаттыгына талапкер болгон

17 Бирдин айы 2023 10:51 Бишкек Govori.TV

16-февраль күнү эртең менен Бишкекте үч киши өлтүрүү фактысы катталды. Бешинчи кичирайондо батирдин ээси 1972-жылы туулган А.Т., 2005-жылы туулган кызы жана ымыркай уулунун жансыз денеси табылган.

Милиция шектүүнү аныктады. Ал Баткен облусунун Кадамжай районунун 1986-жылы туулган тургуну А.Ч.К. экени аныкталып, 17-февралда Бишкектен кармалган.

Айрым маалыматтар боюнча, кылмышка шектүү менен өлтүрүлгөн аял чогуу жашаган. Кылмыш болгон күнү алардын ортосунда чыр чыккан.

Ошондой эле кылмышка шектелип жаткан Чынтемир Аширалиев эл аралык спорт чебери, Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан, мурда УКМКнын 9-кызматында да иштегени айтылды.

Теги:
Количество просмотров: 350