Президент Садыр Жапаровдун кол койгон Жарлыгына ылайык, Осоев Эркинбек Арстанбекович Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.
Эркинбек Осоев 2021-жылдын августунан 2022-жылдын октябрь айына чейин Транспорт жана коммуникациялар министри болуп иштеди.
Ушул жылдын 19-августунда эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык, жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаганы үчүн президент Садыр Жапаров Эркинбек Осоевге сөгүш берген.
Президенттин басма сөз кызматы Эркинбек Осоев жана башка жетекчилерге президенттин «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыкты ишке ашыруудагы кемчиликтер үчүн эскертүү берилгенин билдирген.
Быйыл 2-августта Кыргызстандын Жапониядагы элчиси болуп иштеп турган Мирлан Арстанбаев кызматынан бошотулган. Ал 2019-жылдын 6-мартынан бери элчи кызматын аркалап келген.