Кыргызстандын ЖОЖдорунда акысыз билим алуу үчүн бюджеттик орундарга сынак башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Конкурска Тажикстан, Өзбекстан, Түркия, Казакстан жана Кытай Эл Республикасынын жарандары болгон этникалык кыргыздар катыша алышат.
Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөндөгү документтерди тапшырышы зарыл:
Кыргызстандын аймагында турган, жарандыгы чет өлкөлүк этникалык кыргыздардын документтерин Билим берүү жана илим министрлиги 2020-жылдын 10-сентябрына чейин кабыл алат.
Кыргызстанда турган, жарандыгы чет өлкөлүк этникалык кыргыздар үчүн каралган ЖОЖдордун жана багыттардын тизмеси (жүктөп алыңыз).
Документтер күн сайын саат 14:00дөн баштап 17:30га чейин гана Билим берүү жана илим министрлигине кагаз түрүндө тапшырылат.
Дареги: Бишкек ш., К.Тыныстанов көч., 257, Эл аралык кызматташтык жана инвестицияларды тартуу бөлүмү, тел.: +996 312 621519.
Ошондой эле, документтерди электрондук түрдө төмөнкү дарекке жөнөтсө болот: [email protected]
Көңүл буруңуздар! Толук эмес жана кабыл алуу мөөнөтү өтүп кеткенден кийин жөнөтүлгөн документтер каралбайт!
Тажикистан, Өзбекстан жана Кытай Эл Республикасынын аймагында турган этникалык кыргыздардын документтерин кабыл алуу иштерин аталган өлкөлөрдө жайгашкан Кыргыз Республикасынын Элчиликтери жүргүзөт.
Документтер 2020-жылдын 15-сентябрына чейин кабыл алынат.
Кабыл алуу убактысы – 14:00дөн баштап, 16:00гө чейин.
Кошумча маалыматтар үчүн Ташкент ш., Мирзо-Улугбек району, Ниёзбек йули көч. 6-проезд, 30-үй. Тел.: +998 712374796, +998 909009214, электрондук дареги: [email protected].
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү – 2020-жылдын 5-сентябрына чейин.
Кошумча маалыматтар үчүн Душанбе ш., С.Носиров көч., 56 «А» үй. Тел.: +992 887782223, электрондук дареги: [email protected].
Пекин ш., 10/11 King’s Villas 18, Xiaoyun Road, 100016, тел.: +86 0106468 1297, электрондук дареги: [email protected].
КРнын Түркия Республикасындагы Элчилиги
Документтер 2020-жылдын 10-сентябрына чейин кабыл алынат.
Кошумча маалыматтар үчүн Анкара ш., Turan Gunes Bulvari, Galip Erdem caddesi 25, Yildiz/Oran, Ankara 06450. Тел.: +90 312 4913506, +90 312 4913507, электрондук дареги: [email protected].