• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Евробиримдиктин өкүлү: Бизди Кыргызстандагы парламенттик демократиянын келечеги кызыктырат

2 Бештин айы 2020 18:36 Бишкек Govori.TV

Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан Кыргызстандагы саясий өзгөрүүлөр жана Брюссель менен Борбор Азиянын кызматташтыгы тууралуу «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун суроолоруна жооп берди.

Кыргызстанда конституциялык реформа маселеси боюнча эки ача пикирлерди жаратууда. Коомчулуктун бир бөлүгү парламенттик шайлоо өткөндөн кийин гана Баш мыйзамды талкуулаш керек экенин айтып жатышат. Садыр Жапаров башында турган өкмөт жана анын тарапкерлери парламенттин ролун чектеген, президенттик бийликти күчөткөн Конституциянын долбоорун сунуштап жатат. Бул өнүгүүлөргө кандай көз караштасыз?

-Биз Кыргызстандагы шайлоолорго абдан тынчсызданып турабыз. Албетте, биз парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирип, көчөгө чыккан элди түшүнөбүз. Жарандык коомдун, жаштардын жигердүүлүгү, алардын кырдаалды көзөмөлгө алуу аракети бизди абдан таң калтырды.

Абал тез өзгөрүп жатты. Кээде бул өзгөрүүлөр туура багытта кеткен жок. Алар шайлоонун бурмаланышына себеп болгон маселелерди түп-тамырынан чечүүгө эмес, кыска мөөнөттүк чечимдерге көңүл буруп жатты. Өлкөнүн ички талкууларына терең сүңгүп киргим келбейт.

Бирок биз Кыргызстандын күчү – жигердүү жарандык коомунда экенин мурдатан бери кайталап келе жатабыз. Конституциялык укук боюнча күчтүү адистер, салмактуу саясий топтор чогулуп, азыркы кризиске эмне түрткү бергенин талдап, бардык тараптарды камтыган жана парламенттик демократияны жокко чыгарбай тескерисинче күчтөндүрө турган процесске жол ачуу керек. Европанын жогорку комиссары биздин мындай позициябызды бир ай мурда да айткан.

Венеция комиссиясынын корутундусу боюнча да ушундай билдирүүнү кайталайт болушубуз керек. Кыргызстандын Конституциялык палатасы шайлоолорго байланыштуу Венеция комиссиясынын позициясын сураган болчу. Натыйжада ал комиссия Кыргызстандын мөөнөтү бүтүп бараткан парламенти радикалдуу чечимдерди, өзгөчө конституциялык түзөтүүлөрдү кабыл ала албай турганын так белгиледи. Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн бардык тараптын пикири камтылган чоң талкуу керек. Шашылган болбойт. Мындай диалог үчүн жетиштүү убакыт жана шарт керек.

Биз таза жана акыйкат шайлоодо шайланып келген парламент бул процесстин башатында турушу керек жана зарыл болсо ошол парламент Конституцияны өзгөртүшү керек деп эсептейбиз.

Биз азыр кандайдыр бир элементтерди көрүп жатабыз. Конституциялык кеңешме түзүлгөнүн көрдүк. Бирок бул жетишсиз. Кеңири саясий топтордун, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана юристтердин башын бириктирген процесс болушу зарыл.

Биз Венеция комиссиясы аркылуу да өз кеңештерибизди бергенге даярбыз. Акыркы чечим кыргыз элинин өзүнүн колунда. Бизди Кыргызстандагы парламенттик демократиянын келечеги кызыктырат. Мындай башкаруу модели башкалар үчүн да үлгү болот деп ойлойбуз. Бул модель иштебейт экен деп андан оолактабай аны бекемдөө зарыл деп эсептейбиз.

Количество просмотров: 82