Бул маалыматты вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бүгүн, 7-апрелдеги онлайн маалымат жыйында айтты.
Асрандиевдин айтымында, бизнеске жардам берүү маселеси учурда иштелип жатат.
«Учурда эки булак бар – РКӨФ жана биздин эл аралык донорлорубуз. $150 млн чейин каражаттарды көрсөтүү жөнүндө Европа Өнүктүрүү жана Реконструкция Банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк, бул каражаттардын 50%ы гранттык негизде берилет. Ошондой эле Азия Өнүктүрүү Банкы, Дүйнөлүк Банк жана Ислам Өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз», — деп билдирди ал.