• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Германия кыргыз өкмөтүнө 40,1 млн. евро өлчөмүндө грант берет

5 Чын куран 2019 13:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.04.2019.Govori.TV.

Германия финансылык жана техникалык кызматташтык үчүн кыргыз өкмөтүнө 40,1 млн. евро өлчөмүндө гранттык каражат берет. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул боюнча 2018-жылдын 13-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган, кыргыз өкмөтү менен Германиянын өкмөтүнүн ортосундагы финансылык жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2019-жылдын 20-мартында кабыл алган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Количество просмотров: 25